Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Фото — Лейлектеги май куюучу станциядагы ири өрттүн кесепеттери

Turmush -  Кечээ, 4-июлда Лейлек районундагы май куюучу жайдан чыккан ири өрттүн кесепетинен бир нече имарат, транспорт каражаттары күйүп, окуя болгон жердеги адамдар жабыркады.

ӨКМ бүгүн, 5-июлда билдиргендей, өрт саат 05:25те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен 1 май куюучу станция толугу менен өрттөнүп, экинчи станциянын кеңсеси, 5 жүк ташуучу унаа, 2 газ ташыган унаа, 2 кичи автобус, 1 жеңил унаа күйгөн.

Мындан тышкары өрттөн 4 адам (1 кыргызстандык, 3 тажикстандык жаран) жабыркады. Жабырлануучу – Кара-Балта шаарынын 1963-жылы туулган тургуну Б.Т. (айдоочу) Кулунду айылындагы жалпы практикалык дарыгерлердин борборуна жаткырылды. Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин бетинен жана эки колунун манжаларынан күйүк алганы аныкталды. Ал эми тажикстандык жарандар өз өлкөсүндөгү ооруканага жеткирилген.

Учурда өрттүн себеби жана материалдык чыгымдар такталууда.

Буга чейин Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө май куюучу жайдан өрт чыкканы маалымдалган.

Маалым болгондой, май куюучу жай Худжант–Канибадам унаа жолунун жээгинде, Жаштык айылына жакын аймакта (кыргыз-тажик чек арасы) жайгашкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт «Достук» май куюучу жайынан чыккан.

Окуя болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын өрт өчүрүү кызматы, эки өлкөнүн укук коргоо органдары, тез жардам бригадасы иштеди. Кырсык катталган аймакка Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов барган.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 22:40та чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 өрт өчүрүү бөлүмү, Тажикстан Республикасынын жакын жайгашкан райондорунан 3 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылган. Мындан сырткары ӨКМдин Лейлек райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы да барган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт учурунда 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, экинчи станциянын кеңсеси күйүп кеткен. Ошондой эле тажикстандык жаран жабыркаган. Жабыркаган жаранды Тажикстандын медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кетишкен.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1046
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×