Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Видео — Кыргыз-тажик чек арасындагы эки май куюучу станция өрттөнүп жатат

Turmush -  Бүгүн, 4-июлда Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө май куюучу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, май куюучу жай Худжант–Канибадам унаа жолунун жээгинде, Жаштык айылына жакын аймакта (кыргыз-тажик чек арасы) жайгашкан. Болжолдуу маалыматтар боюнча, өрт «Достук» май куюучу жайынан чыккан.

Учурда окуя болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын өрт өчүрүү кызматы, эки өлкөнүн укук коргоо органдары, тез жардам бригадасы иштеп жатат. Кырсык катталган аймакта Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов бар.

ӨКМдин маалыматына караганда, өрт саат 22:40та чектөөгө алынган. Өрттү өчүрүүгө саат 20:31де Лейлек райондук №108 өрт өчүрүү бөлүмү, Тажикстан Республикасынын жакын жайгашкан райондорунан 3 бөлүм, жалпы 4 бөлүм тартылып иштеп жатат. Мындан сырткары ӨКМдин Лейлек райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн ыкчам тобу жана медициналык тез жардам кызматы бар.

Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт учурунда 1 май куюучу станция толугу менен күйүп, экинчи станциянын кеңсеси күйүп кеткен. Ошондой эле тажикстандык жаран жабыркаган. Жабыркаган жаранды Тажикстандын медициналык тез жардам кызматы ооруканага алып кетишкен. Учурда өрттү толук өчүрүү аракеттери көрүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1365
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×