Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Баткен 04.07.2018 15:45

Быйыл Баткен облусунун айрым аймактарын газ менен камсыздандыруу пландалууда

Turmush -  Быйыл Баткен облусунун айрым аймактары газ менен камсыздандырылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-июлда Баткен облусунун жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен «Газпром» ишканасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалым болгондой, Урсатьевская-Фергана газ системасын калыбына келтирүү маселеси талкууланып, 2018-жылы Лейлектин Арка айылына, Кадамжайдын Кыргыз-Кыштак айылына газ тартылышы мүмкүн экени айтылды.

«Бизде союздан калган газ курлары бар. Аларды кайрадан жанданып калыбына келтирүү керек. Алар «Кыргызгаз» ишканасынын карамагында турат. Алар быйыл тажик, өзбек газ ишканалары менен келишим түзүп, кайрадан иштетүүгө киришишти. Азыр биз алар менен жолугуп, чек ара кызматы, жергиликтүү бийлик менен биргеликте бул маселени карап чыктык. Анткени газ курлары жергиликтүү жашоочулардын жер тилкелеринен жана чек ара сызыктарынан өтөт. Аларга кылдат мамиле жасоо керек. Мындан башка көйгөйлөр да бар. Аларды чечип, тез арада газ жеткирүү зарыл», - деди облус жетекчиси Абиш Халмурзаев.

Жергиликтүү бийлик жардам беришсе быйыл Кадамжай, Лейлек жана Айдаркен шаарына газ жеткирилет.

«Урсатьевская-Фергана газ системасы 4 линиядан турат. 4-линия Өзбекстандын карамагында. Быйыл газ бериле турган 3-линияда Кыргыз-Кыштакка, 2-линияда Айдаркен шаарына газ келет. Ал үчүн жергиликтүү бийлик суу маселесин чечип берсе. Ошондой эле чек арачылар менен биргеликте иш алып барабыз. Жалпы Россиядан жана Кыргызстандан 70 кызматкер жумуш жүргүзөт. Бүт курларга суу жүргүзүп, тешилген жерлерди аныктап, калыбына келтиребиз», - деди «Газпром Кыргызстан» ишканасынын «Түштүктрансгаз» филиалынын директору Самат Абдыкайымов.

Урсатьевская-Фергана газ системасы ишмердүүлүгүн 2010-жылы токтоткон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×