Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 04.07.2018 11:59

Кыргыз-тажик чек арасында «туткунга түшкөн» тажик чек арачылары жазаланды

Turmush -  Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда өздөрүн коргой албай жана кыргыз кесиптештери тарабынан куралсыздандырылган тажикстандык чек арачылар жазаланды. Бул тууралуу Радио Озоди Тажикстандын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка караганда, жаңжал 4-июнда Баткен облусунун Лейлек району менен Бободжонгафуров району чектешкен аймакта болгон. Кыргыз чек арачылары 3 тажик чек арачысын куралсыздандырып, аларды алып кетишкен. Коңшу мамлекеттин аскер кызматкерлери тажик чек арачылардын куралдарын — Калашников автоматтарын алып алышкан.

Тажикстандын куралдуу күчтөрү маалымдагандай, 3-июнда тажик чек арачылары аларды куралсыздандырып жана кармап кетүүгө жол бербеши керек болчу. Тажикстандык аскер кызматкерлери кандай жазага тартылгандыгы белгисиз.

Маалым болгондой, эки тараптын жаңжалдашуусуна кыргыз дыйкандарынын талаш деп эсептелген чек ара аймакка келип, соода уюштуруусу себеп болгон.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан маалымдашкандай, 4-июнда түштөн кийин Футбол талаасы участкасында кыргызстандыктар тарабынан стихиялуу соода жайылтылган.

Тажикстандык чек арачылар аларды таратуу боюнча чара көрүшкөн. Мындан улам кыргыз жарандары нааразы болуп, ал эки тараптуу жаңжалдашууга алып келген. Жыйынтыгында кыргыз чек арачылары кийлигишүүгө аргасыз болушкан. Алар тажик чек арачыларына бул маселе мындай жол менен чечилбей тургандыгын жана алар талаш деп эсептелген аймакта мыйзамсыз жүрүшкөндүгүн айтып, аймактан чыгып кетүүнү талап кылышкан.

«Тажикстандын чек арачылары талаптарды аткаруудан баш тартышып, өздөрүн агрессивдүү алып жүрүштү жана жаңжалдын келип чыгышына түрткү болушту. Мындан улам асманга эскертүү иретинде ок атылган. Андан кийин кыргыз чек арачылары тарабынан кармалышкан», - деп айтылат маалыматта.

Бирок, тажик тарап башкача пикирде.

Тажикстандын УКМКнын чек ара бөлүмүнөн маалымдашкандай, чек арадагы жаңжалдын чыгышына кыргыз тарап күнөөлүү болуп саналат.

Расмий маалыматтарга караганда, тжик-кыргыз чек араынын узундугу 976 чарчы метрди түзөт. Анын 504 чакырымы бүгүнкү күндө делимитация жана деморкацияланган. Калган бөлүмү талаш деп эсептелет, мындан улам жаңжал чыгууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×