Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 05.07.2018 17:05

Кадамжайдын Кайнама жайлоосунда малчылардын балдары үчүн лагерь ачылды (видео)

Turmush -  3-июлда Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү Кайнама жайлоосунда «Нур-Үлгү» эс алуу лагери ачылып иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга демилгечи Азада Арзыбаева билдирди.

Анын айтымында, эс алуу лагери 1,5 ай ичинде жергиликтүү малчылардын балдарына жана эс алуучуларга адабият, чечендик өнөр, каржы сабаттуулугу жана чеберчилик боюнча сабактарды өтөт. Ошондой эле тогуз коргоол, шахмат, домино оюндары боюнча ийримдер уюштурулат.
Лагер быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында ачылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×