Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 03.07.2018 15:43

Видео — Сүлүктүдө ондогон унаалардын аккумуляторлорун уурдап сатып жүргөн жигиттер кармалды

Turmush -  Сүлүктү шаарында унаалардын аккумуляторлорун уурдап жүргөн өспүрүм балдар кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, алар 2018-жылдын май-июнь айларында түн ичинде аккумуляторлорду уурдап, аларды Исфана шаарына алып барып сатып, акчасын өз кызыкчылыктарына пайдаланып жүрүшкөн. Баткен ОИИБдин иликтөө иштеринин жыйынтыгында аталган кылмыштарга шектелип Сүлүктү шаарынан 18 жаштагы бир жигит жана 17 жаштагы эки өспүрүм кармалды.

Жогорудагы фактылар боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иш козголуп, материалдар соттук кароого жөнөтүлдү. Негизинен жүк ташуучу «Хундай Портер», «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаалардын 23 даана аккумулятору уурдалган. Азыркы учурда уурдалган бардык аккумуляторлор өз ээлерине кайтарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×