Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-сентябрь
Баткен облусуЛейлек району 02.07.2018 12:50 На русском

Фото — Кыргыз-тажик чек арасындагы каналдан жаш келин менен 2 баласынын сөөгү табылды

Turmush -  Кечээ, 1-июлда Лейлек районунун Жаңы-Жер айылындагы Кожо-Бакырган каналынан 2 баласы менен сууга агып каза болгон тажикстандык келиндин денеси табылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, саат 14:30 чамасында Кожо-Бакырган каналынан жансыз 3 дене табылган. Алар каналдын суусу менен агып келе жаткан. Тургундар аларды каналдан чыгарып, милиция кызматкерлерине кабар беришкен.

Лейлек РИИБден тергөөчүлөр келип, денелерди Жаштык айылындагы ФАПка алып барып кароо жүргүзүштү. Анын жыйынтыгында аталган келин Тажикстандын жараны экендиги такталды. Маалым болгондой, анын 2 баласы каналдагы сууга түшүп жатып агып кеткен. Келин балдарын куткарам деп сууга түшүп, бирок өзү да, балдары да мерт болушкан. Алар Тажикстандын Исфара районунун Хистеварз айылынын тургундары экендиги аныкталды. Эне менен балдардын сөөгү укук коргоо органдары тарабынан жолдошуна өткөрүлүп берилди.

Каза болгондор:

- 1984-жылы туулган Т.Бурханова;

- 2008-жылы туулган А.Рустамов;

- 2005-жылы туулган М.Рустамов.

Кожо-Бакырган каналы Тажикстандын каналы болуп эсептелет. Бирок ал Кыргызстандын аймагы аркылуу айланып өтөт.

Село Жаштык на границе с Таджикистаном

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×