Бөлүмдөр
Жума, 14-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 29.06.2018 10:21 На русском

Башкы прокурор Кызыл-Кыя шаарынын сотуна кылмыш иш козгоду

Turmush -  Башкы прокурор Кызыл-Кыя шаарынын соту Н.А. атайын сот адилеттигине жатпаган өкүм чыгарганы (328-берене) боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 29-июнда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган сот кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтүнүн өтүп кеткенине карабай, А.Н. аттуу адамды 2017-жылдын 16-ноябрында кылмышка айыптуу деп таап, 4 жылга эркиндигинен ажыраткан. Аталган өкүм 2017-жылдын 26-декабрында Баткен облустук соту тарабынан жокко чыгарылып, эркинен ажыратылган А.Н. жазадан бошотулган. Сот Н.А.нын мындай мыйзамсыз ишинен аталган адамдын укугу бузулуп, 40 күн камакта жаткан.

Сотко карата козголгон кылмыш иш иликтөө үчүн УКМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×