Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Баткен

Видео — «Кадамжай» коомунун кезектеги кайрымдуулук акциясы өттү

Turmush -  12-июнда «Кадамжай» коому өзүнүн кезектеги акциясын Кадамжай шаарында өткөрдү. Акциянын алкагында район аймагындагы айыл өкмөттөрдөгү жана 2 шаардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 345 кайрымдуулук баштыкчалары таркатылды. Кайрымдуулук баштыкчаларынын ичинде азык-түлүктүн 12 түрү салынган.

Мындан сырткары Кадамжай районунун аймагындагы ар бир айыл өкмөттөгү 45 «Баатыр энеге» сый тамак уюштурулуп, баалуу белектер менен бирдикте кайрымдуулук баштыкчалары да таратылды. Бул иш-чарага коомдун тең төрагалары Имамидин Ташов, Абдувалим Нишанов, коомдун аксакалдарынын бири Исмаил Масеитов, коомдун Бишкектеги жана Кадамжай районундагы мүчөлөрү, райондук жана шаардык бийлик өкүлдөрү катышты. Салтка айланган мындай иш-чараларды «Кадамжай» коому мындан ары системалуу түрдө улантат.

Буга чейин 9-май – Улуу Жеңиш күнүнүн урматына да «Кадамжай» коомунун коомдун президенти Имамидин Ташов баштаган топ келди. Анда райондогу 4 согуш ардагери менен жолугуп, ар бирине акчалай жардам жана азык-түлүк таратылган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2757
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×