Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 18.06.2018 11:55 На русском

Айыл турмушу: Баткендеги эң бай айыл өкмөттүн тургуну бир сезондо миллионер боло алат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө май айында тигилген шалылар өсүп калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга дыйкандар билдиришти.

Айыл өкмөттөгү Чоң-Кара айылынын тургуну Жаныбек Төлөбаевдин айтымында, жергиликтүү тургундардын 90% шалы өстүрөт. Өзү быйыл 40 сотых аянтка күрүчтүн жайдары сортун эккен.

«Биздин жашоо-тиричилигибиз шалы менен. Бала кезимден эле күрүч өстүрүп чоңойгом. Жакшы өздөштүрүп, 3 түрүн өстүрүп келем. Жылына 40-50 сотых аянтка 60-70 кг күрүч үрөөнүн себип, 1 тоннадан ашуун түшүм алам.

Өзүм дыйканчылыктан тышкары трактор да айдайм. Айылдагы кошуналардын үрөөнүн себүүгө жардамдашам. 1 сотых аянтты 100 сомдон айдап берем. Май айынан бери эле кардарлар келип, тыным жок. Күнүнө жок дегенде 5-6 кишинин эгинин айдайм», - деди ал.

Көп жылдан бери шалы айдап жүргөн Каныбек Султановдун айтымында, аймакта күрүчтүн 4 түрү көп өстүрүлөт. Алар алган түшүмүн Кыргызстандын бардык облустарына чыгарышат.

«Ак-Турпак күрүчүн өстүрүү май айынан башталып, июндун жыйырмаларына чейин уланат. Анткени бул аймакта күндүн табы сентябрь айларына чейин ысык болот. Эрте бышчуу күрүчтөр 3 айда даяр болсо, калгандары 4 ай дегенде бышып жетилет. Бул аралыкта шалы дан алганча 28 градустай жылуу суу үзгүлтүксүз берилип турса эгин эрте көтөрүлөт. Качан дан алгандан соң муздак суу берилет. Бизде күрүчтүн үзрү, андижан, взросс жана лаззин түрлөрү кеңири таралган. Оруп-жыйноо иштери болгон соң ак жуазга (күрүч тегирмени) тартылат. Ал үчүн айылда атайын электр тогу менен иштеген цех да бар. Ал жерден күнүнө 1 тоннадан күрүч чыгарышат.

Биздеги көйгөй — бул суу. Анткени дарыядан жылда арык казып келебиз. Дарыядагы суунун көлөмү көтөрүлгөн сайын биздин арыкты тегиздеп кетет. Кайра арык салганча эгин суусуз калат. Шалы сууну көп талап кылат. Ошентсе да жылына түшүмдү ойдогудай алып келебиз, убагында дарылайбыз», - деди Султанов.

Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, аймакта жашоочулардын 90% шалы өстүрүп, жылына 40 миң тоннадай түшүм жыйналат. 4,5 миң гектар айдоо сугат жер болсо, анын 2,5 миң гектарына шалы эгилет. Өндүрүлгөн күрүчтүн 70% Тажикстанга ички рынок аркылуу сатылат. Өткөн жылы күрүчтүн алды 120 сомдон сатылган.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу. Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

15-июнда Кадамжай районундагы Ак-Турпак айыл аймагында сел жүрүп, көпүрөлөрдү, үйлөрдү, эгиндерди суу каптап кетти.

Айыл өкмөт башчысы Алчынбай Төралиевдин айтымында, жаан бүгүн, 15-июнда саат 06:00 чамасында башталган. Катуу жаандын кесепетинен алдын ала маалыматтар боюнча Өтүкчү, Ак-Турпак, Кызыл-Коргон, Чоң-Кара, Миң-Чынар айылдарындагы эгин талаалар, үйлөр жана жолдор жабыркады. Ошондой эле Сох дарыясынан суу ашып, Миң-Чынар айылындагы лотокторду жана негизги көпүрөнү суу каптап кетти. Жашоочулардын айтымында, мындай катуу сел Ак-Турпак аймагында буга чейин болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×