Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 16.06.2018 11:42 На русском

50 жыл бирге жашаган жубайлар: Кайры апа төрөлгөндө эле куда түшкөн үйгө келин болуп, 8 баланы өстүрдү

Turmush -  Баткендеги Кара-Булак айылынын тургуну Кайры Абдураимованын болочок жолдошу төрөлгөндө эле белгилүү болгон. Кайнатасы ага сөйкө салуу ырымын жасаган учурда абышкасы 5 жашка толгон эле.

Кайры апа үй-бүлөсү жана жашоодогу тажрыйбасы тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен өзүм 12 бир тууганмын. Атам согушка кеткенде биринчи аялы менен 4 баласы ооруп каза болуптур. Атам согуштан келгенден кийин менин апама үйлөнүп, биз төрөлдүк. Апам 4-баласын төрөгөндө каза болду. Мен ошондо 7 жашта болсом, эң кичүүбүз 3 жашында калды. Атам кийинчерээк кайрадан үйлөнүп, ал аял бизди чоңойтту, күйөөгө узатты», - деп эскерди Кайры апа.

Ал орто мектепти аяктагандан көп узабай ымыркай кезинде эле башы байланган жигитке турмушка чыккан.

«Биз кайын журтум менен кошуна болчубуз. Ал убакта ата-эненин сөзүн укчу элек. Жактырсак-жактырбасак да алар айткан адам менен турмуш курчубуз. Мага сөйкө салынганын билген айрым балдар ойноок мүнөзү ар кандай сөздөрдү айтышчу, ал эми күйөөм менен сүйлөшчү эмесмин.

Күйөөм үйүндө жалгыз уул, бирок атасы катуу киши болгондуктан эрке болгон жок. Эмгекчил, түшүнүктүү киши. Ал мектепти бүткөндөн кийин 3 жыл аскерде кызмат өтөп келди. Андан кийин мага үйлөнгөн», - деди 68 жаштагы Кайры Абдыраимова.

Учурда Кайры апа чеберчилик менен алектенет. Бул өнөргө бала кезинен эле кызыгып, атайын билим алуу үчүн Ош шаарына да барган. Бирок кайра айылына кайтууга мажбур болгон.

«Атам да өтүк тиккен уста болчу. Мен окууну аяктап, Ошко тигүүчүлүктү окуйм деп бардым. 1968-жылдары эле, 8 кыз Баткенден Ошко барганбыз. Бирок ошол убакта Ошто тополоң болуп, биз коркуп, айылыбызга кайтып келдик. Бирок кызыгуум токтобой, азыркы учурга чейин чеберчилик менен алектенем.

Жолдошум экөөбүз баш кошконубузга 50 жыл болуп, 4 кыз, 4 уулдуу өстүрдүк. Кайын энемдин бир эле уулу болгондуктан балдарымдын баарын бакты. Келин кезимде 3 айлап тоого чөп оргону кеткенде да балдарымды кайын энем алып калчу. Ал тургай жаш балдарды жакшы көргөндүктөн, айылдагы келиндер да балдарын энеме калтырып, пахтага, тамекиге кетишчү. Азыр алар энеме ыраазы болушат.

Кийин тамекиде иштедик. Күйөөм экскаватор, трактор айдап, Баткен облусундагы бардык каналдарды курууга салым кошкон. Ал өтө эмгекчил эле, күндүз жумушка кетсе, кечкисин үй жумуштарын жасап, мал карап, эгин сугарчу. Жолдошум экөөбүз урушуп, таарынышпадык. Азыр экөөбүз тең пенсиядабыз. 4 уулду үйлөнтүп, 4 кызды күйөөгө бердик, 30 небере, 1 чөбөрөлүү болдук», - деди К.Абдыраимова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×