Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Нарын облусу 14.06.2018 15:30

Айыл турмушу: Тиш дарыгер А.Мааданбеков үй-бүлөсү менен медицина тармагында эмгектенет (фото)

Turmush -  Ат-Башы районунун Кара-Суу айылында төрөлгөн 55 жаштагы Ажыбек Мааданбеков 33 жылдан бери Нарын облустук стоматологиялык бейтапканасында эмгектенип келет. Татаал кесипти тандап алган башкы дарыгер менен аймактык кабарчы таанышып келди.

А.Мааданбеков 1970-1980-жылдары орто мектепте окуп, 1981-1986-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун стоматология факультетин аяктаган. Эмгек жолун Бишкек шаарындагы №3 тиш даарылоо эмканасында баштап, ал жерде 1 жыл иштеген соң Нарындагы эмканда эмгектенген. 1989-жылы ноябрь айында Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы 4-башкы башкармалыгынын Нарын облусу боюнча оорукансында тиш дарыгери болуп иштеген. Ал жерде 8 жыл эмгектенгенден кийин Нарын облустук дене тарбия диспансерине башкы дарыгер болуп келген.

«Нарын стом» акционердик коомуна аткаруучу директор болуп келгенде талаш-тартыш маселеге күбө болдум. Эл үчүн бир пайдалуу иш жасайын деп чуркап жүрүп, ал максатыма да жеттим. Ал жер мурун Нарын облустук стоматологиялык бейтапканасы болчу. Андан кийин «Нарын стом» акционердик коомуна менчиктешип, жалпы акциясынын 30 пайызы сатылып кеткен экен. 1994-жылдан баштап ушул акционердик коомду кайра артка кайруу боюнча иш алып бара баштадык. Өзүм жетекчилик кылып кызматкерлер, акционерлер менен макулдашып, соттун чечими менен 2007-жылдын март айында кайра мамлекетке кайтардык. Ошол мезгилде республика боюнча 2007-жылы акционердик коомго өтүп, менчиктешип кеткен мекемелерден эң биринчилерден болуп биздин мекеме артка кайтарылган. Бул элдин ден соолугу үчүн болгон аракет, мээнет болду. 2007-жылдан бери Нарын облустук стоматологиялык бейтапканасы деп каттодон өткөрүп, иш алып барып келе жатабыз», - деди ал.

Башкы дарыгер бала кезинде ар дайым эл үчүн кызмат кылган адам болгусу келип, ал максатына жеткенин айтат.

«Бала чагымда медицинаны абдан жакшы көрүп, эл адамы болгум келчү. Адамдардын ден соолугу үчүн күрөшсөм дечүмүн. Кудай тилегимди кабыл кылып, тиш дарыгери болдум. Кудайга шүгүр, үй-бүлөбүз менен медицина тармагында эмгектенебиз. Жубайым Анара Калманбетова Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын уюштуруу иштери боюнча директорунун орун басары болсо, кызым фельдшер, улуу уулум тиш адиси, кичүү кызым медициналык академияда окуп жатат», - деди ал.

Ал 2 уул жана 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×