Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Лейлек районундагы өзгөчө кырдаал режими алынды

Turmush -  9-11-июнь күндөрү катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районуна киргизилген өзгөчө кырдаал режими алынды. Бул тууралуу бүгүн, 14-июнда ӨКМден билдиришти.

Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүрүп, үйлөрдү, жер тилкелерди, ички чарбалык унаа жолдорду, арыктарды, суу түтүктөрүн каптап, электр энергиясы үзгүлтүккө учурагандыгына байланыштуу 10-июнь күнү акимдин буйругунун негизинде районго өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

9-10-11-июнь күндөрү Лейлек районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак, Бешкент жана Маргун айыл аймактарында сел жүргөн. Селдин кесепетинен жалпы район боюнча 16 үйгө сел кирип, 1 бала бакчанын, 112 үйдүн жер тилкелерин, 27 чакырым жолду, 5,7 чакырым арыкты, 1 чакырым суу түтүктөрүн, 370 метр дамбаны, чарбалык 6 көпүрөнү, 4 даана электр мамычасын сел суулары каптаган. Ошондой эле 21 баш бодо малды сел агызып кеткен.

Кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине алгачкы күндөрү өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов өзү жетекчилик кылды. Турак жайлары жабыркаган адамдарга чатырлар тигилип, көчүрүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 822
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×