Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Баткендеги милиция кызматкерлери маркум кесиптешинин үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүштү

Turmush -  Баткен ОИИБдин Кайгуул күзөт кызматы былтыр кызмат учурунда каза болгон Шермат Акматовдун үй-бүлөсүнөн кабар алышты.

Маалым болгондой, кесиптештери анын үй-бүлөсүнө акчалай жардам, балдарына оюнчуктарды тапшырышты. Маркумдун ата-энеси аларга ыраазылык билдиришти.

Милициянын старшинасы Шермат Акматов 1987-жылы Лейлек районунун Коргон айылында төрөлгөн. Ал ички иштер органына 2014-жылы кабыл алынган. Алгач тез арада чара көрүүчү отрядынын күжүрмөн кызматкери андан соң Патрулдук милицияда кызмат өтөгөн. 2017-жылдын 14-ноябрь күнү эрте менен жумушка бара жатып жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде каза болгон. Анын артында кош бойлуу келинчеги жана 2 кыз, 1 уулу калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 572
Көп окулду
×