Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Фото – Баткенде көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын өз алдынча тосуп алгандардын айынан тротуар жок болууда

Turmush -  Баткен шаарындагы Ходжаев көчөсүндөгү 10го жакын көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын жашоочулар тосуп алышып, ыңгайсыздык жаралууда. Бул тууралуу көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары айтып чыгышты.

Алардын айтымында, өзгөчө кырдаалдар учурунда унаалар батпай, өрт өчүрүүдө да бир топ кыйынчылык жаралат.

«Мен №7 көп кабаттуу үйдүн 2-кабатында жашайм. Биздин айланабыздагы жерлерди кошуналар тосуп алышкан. Өздөрү миграцияда жүрүшөт. Дубалдарын бийик кылып, дарбазаларын жаап коюшкан. Бала-чаканын кийимдерин балконго жайып койсок түшүп кетет. Алып чыгалы десек 1-кабаттагы кошунанын короосуна кире албайбыз. Бул жерде кокус өзгөчө кырдаал болсо, өрт чыкса унаалар батпай, өрт өчүрүүдө да бир топ кыйынчылык пайда болот. Өткөн жылы кошунанын үйүндө өрт чыгып, өрт өчүрүүчүлөр кире албай калышты», - деди шаар тургуну Ырызбан Абдыразакова.

Жерди ээлеп алуунун кесепетинен тротуарлар жабылып, жөө жүргүнчүлөр унаа жолдо жүрүүгө аргасыз болууда.

«Үйлөрдүн айланасындагы жер тилке да бирдей бөлүнгөн эмес. Бул көйгөй боюнча тиешелүү кызматтарга кайрылганбыз, бирок көңүл бурулган эмес. Тосуп жатканда бизден уруксат сурашкан эмес. Бул жердеги жашоочулардын барынын тилкеси болсо керек. Кээ бирөөлөр кошумча курулуш куруп, тосуп алышкан. Жолдон да кирип кеткен. Азыр Ходжаев көчөсүндө тротуар жок. Жүргүнчүлөр унаа жүрүүчү чоң жолдо жүрүшөт. Шаар бийлиги келип көзөмөлдөсө болот эле», - деди дагы бир тургун Алмаш Айдарова.

Баткен шаардык муниципалдык менчик департаментинин башчысы Акрамали Акматовдун айтымында, мындай тосуп алуулар мыйзамсыз.

«Бул тосуп алуулар мыйзамсыз. Көп кабаттуу үйлөрдүн айланасын тосуп алууда биз менен эле эмес, ошол жердин жашоочулары менен макулдашуу керек», - деди ал.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиргендей, мыйзамсыз курулган тосмолор алынып, аянттар бошотулат. Буга баш ийбегендердин иштери тиешелүү органдарга өткөрүлөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1459
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×