Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Видео — Кадамжайдын акими «жайлоолор Өзбекстанга берилип кетти» деген маалыматты четке какты

Turmush -  Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков Кызыл-Булак айылына чектеш Өзбекстандын Шахимардан анклавына жакын жайлоолорду өзбек аскерлери ээлеп алгандыгы жөнүндө соцтармактарда 1 жума мурда тараган маалыматтарды четке какты.

Анын айтымында, Кызыл-Булак айылынын айрым тургундары таратып жаткан аталган маалыматтар чындыкка дал келбейт.

«Чек арада Өзбекстандын же кыргыз тараптын пайдасына чечүү боюнча маселе каралган жок. Мурдагы боюнча эле турат. Айрым тургундар маселени билбей туруп эле бир тараптуу маалыматтарды таратып жатат. Демократия деп эле каалаганын айтып жатышат, жоопкерчилик жок экен. Жайлоолорго өзбек аскерлери киргизилген эмес. Интернетке тарагандан кийин тийиштүү кызматтар иштеп жатат. Андижанда да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», - деди аким.

Кадамжайлык тургундар тараткан маалыматта Кара-Дабан, Шалан деген жайлоолор кыргыздарга тиешелүү экендиги айтылган.

«Өзбек жарандары менен аскерлери кирип, ээлик кылууга жасаган аракеттерине болгон нааразычылык күчөп жатат. Азырынча жергиликтүү бийлик органдарынан эч кандай реакция жок экендигин өкүнүү менен белгилейбиз. Тескерисинче бул жагымсыз окуяны видеого тартып интернетке, социалдык желелерге таратып, коомчулуктун көңүлүн бурдурган активист инилерибизди коркутуп жатышкандыгы да жашыруун эмес», - деп жазылган соцтармакта тарап жаткан маалыматта.

(Тасмалар соцтармактан алынды)

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1902
Көп окулду
×