Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуКадамжай району 11.06.2018 10:18 На русском

Айыл турмушу: Кадамжайлык дыйкан Н.Сайфудинов кулпунай сатып, 1 млн сом киреше табууну көздөп жатат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургуну Ноомонжон Сайфудинов 20 жылдан бери кулпунай өстүрүп келет. Аймактык кабарчы балбан менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 30 сотых аянтын 1 гектарга кеңейткен.

«Үй-бүлөбүз менен иштейбиз. Кулпунай май айынын башынан тарта быша баштайт. Бышкандан кийин 1 ай терип, кайра 1 ай токтотобуз. Кулпунайдын жакшы жагы — суук түшкөнгө чейин түшүм берип турат. Азыр теримдин алды башталып жатат. Буларды базарга деле алып чыкпайбыз. Кардарлар өздөрү келип алып кетишет. Азыр баасы 40 сомдон. 30 сотых жерден 500 миң сомдой киреше тапчубуз. Быйыл 1 гектарга кеңейттик. Түшүм жакшы, буйруса 1 миллион сомдой киреше болот. Ошого жараша мээнети да оор.

Эч кандай техника колдонбойбуз, жалаң гана кол менен иштейбиз. Кулпунайды эртеден кечке терүүгө туура келет. Кулпунай көпкө сакталбагандыктан Баткен облусунун аймактарындагы жана Оштун базарларына сатыкка чыгардык. Баа жылдагыга салыштырмалуу быйыл арзан болууда», - деди ал.

Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мастура Якубованын айтымында, айыл өкмөттө 30 жылдан бери кулпунай өстүрүлүп, жалпы аянты 15 гектарга жеткен.

«Анын гектарынан 1 тоннадай түшүм алса болот. Кирешеси жакшы болгондуктан, кулпунай өстүрүүгө кызыккандардын катары көбөйүп жатат. Азыр 15 гектар аянтыбызда кулпунай өстүрүлөт. Жемишти сактоого болбогондуктан кошуна облустарга сатыкка чыгат. Айыл өкмөтүбүздө 30 жылдан бери бул тармак кенен иштетилип келет. Бирок кызыккандар эми көбөйтүп башташты. Алдыда аны кайра иштетүүчү цех алабыз», - деди Якубова.

Үч-Коргон айылы кокон гиласы менен да таанымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×