Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Фоторепортаж — Лейлектеги селдин кесепеттери

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районундагы айылдарда селдин кесепеттерин жоюу, чыгымды тактоо иштери улантылып жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бүгүн, 10-июндагы маалыматы боюнча кечээ, 9-июнда саат 16:15 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, Лейлек айыл аймагындагы Кара-Суу айылында 3 турак үйдү, 1 бала бакчаны, 30 турак үйдүн чарбактарын жана 3 чакырым ички чарбалык жолду сел каптаган. Ошондой эле айылдагы 1 көпүрөнү сел суулары агызып кетти.

Фото – Лейлекте үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жолдорду сел каптап, малдарды агызып кетти

Ак-Терек айылында 4 турак үйдү, 30 турак үйдүн чарбактарын сел каптап, Ош—Баткен—Исфана унаа жолунун 320-350-чакырымдарын, тротуарды сел алып, жол жабылып калган эле. Тазалоо иштеринен кийин жолдогу каттам ачылды.

Катраң айыл аймагындагы Катраң айылынын Күңгөй тилкесинде 5 турак үйдү, 7 турак үйдүн чарбактарын сел каптап, Өзгөрүш айылында 2 баш уйду сел агызган. Катраң—Өзгөрүш ички чарбалык унаа жолунун 1-4-чакырымдарын, Коргон—Катраң—Баул ички чарбалык жолунун 16-21-чакырымдарын сел каптаган. Учурда жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп, каттам ачылды.

Сумбула айыл аймагындагы Исфана—Андарак—Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-18-чакырымдары да селден тазаланды. Үйлөрдү тазалоо иштерин ӨКМдин 31 куткаруучусу жүргүзүп, жолдорду тазалоо иштери №13 жол тейлөө ишканасына жүктөлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов сел каптаган аймактарды жеринде көзмөлдөө үчүн чыкканын министрликтин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1588
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×