Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Фото – Лейлекте үйлөрдү, көпүрөлөрдү жана жолдорду сел каптап, малдарды агызып кетти

Turmush -  Бүгүн, 9-июнда Баткен облусунун Лейлек районунда катуу жаан жаап, саат 16:15 чамасында Кара-Суу, Ак-Терек айылдарында жана Катраң айыл аймагынын Катраң, Өзгөрүш айылдарында сел жүргөн. Селдин кесепетинен Кара-Суу айылында 3 турак үйдү, бала бакчанын имаратын жана 30 турак жайдын чарбактарын суу каптады.

Ошондой эле Ак-Терек айылында 25 турак үйдүн чарбактарына сел суулары кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Коргон–Катраң–Баул ички чарбалык унаа жолунун 16-21-чакырымдарын, Исфана–Андарак–Көк-Таш ички чарбалык унаа жолунун 14-18-чакырымдарын шагыл аралаш сел каптап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул жолдорду тазалоо иштерин №13 жол тейлөө ишканасы жүргүзүп жатат. Селдин кесепеттерин жоюу иштерине саат 18:35те ӨКМдин 31 куткаруучусу жана Баткен облустук башкармалыктан ыкчам топ чыгып кетишкен.

Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаевдин айтымында, саат 16:00 чамасында катуу жаандан улам сел жүрүп, айылдагы 8 үйдү жараксыз кылды.

«Биздин айыл тоого жакын жайгашкан. Катуу жаан жааган учурда дайыма сел каптап, эл жылдап тапкан каражатына курган үйүн, короосун, сарайын суу алып кетет. Качанкыга чейин тоо астында, кооптуу жерлерде жашайбыз? Бул меселени жогорку жана жергиликтүү бийлик тез аранын ичинде карап чыгып, башка жерди трансформациядан өткөрүп, элди коопсуз жерлерге көчүрүү керек. Биз өкмөткө кайрылабыз, жардам беришсин. Бүгүн дагы сел жүрүп, элдин тапканын, мээнетин алып кетти. Учурда эл эмне кыларын билбей, айрымдары ыйлап жүрөт», - деди С.Бөрүбаев.

Катраң айылынан сүрөттөр

Кара-Суу айылында турак жайлар, ички чарбалык жолдор жабыркап, 2 бодо малды, 8 баш майда жандыкты суу агызып кетти. Андан сырткары 2015-жылы ар бири 9 млн сомго курулган 2 көпүрө жараксыз абалга келген. Сел таза суу түтүктөрүн алып, 60 кожолук таза суусуз калды. Ошондой эле бир нече электр мамылары да жарактан чыкты.

Айылдагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Эгемберди Абылкасымовдун короосун да сел алып кеткен.

Кара-Суу айылынан сүрөттөр

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 14024
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×