Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Баткенде жүк ташуучу унаанын чиркегичи өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 8 бөлүм жөнөтүлгөнүн ӨКМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.

Баткен районунун аймагында, тактап айтканда ОшИсфана унаа жолунун 17-чакырымында «Вольво» үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын чиркегичи өрттөндү. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле отко этиятсыз мамиле кылуунун кесепетинен Кызыл-Кыя шаарынын Кулатов көчөсүндө короодо отун күйүп кетти. Өрт өчүрүүчүлөр жеткенге чейин кошуналардын жардамында өрт өчүрүлгөн, адамдар жабыркаган жок.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 855
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×