Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 09.06.2018 11:55 Жаңыланды: 09.06.2018 13:18

Айыл турмушу: Кадамжайлык Азамат 200 миң сомго жасаган унаасын тоо-таштарда сыноодон өткөрдү (видео, фото)

Turmush -  Кадамжайда 25 жаштагы Азамат өз колу менен жасап чыккан автоунаа тоо-таштардан сыноодон өткөрүлдү. Ага Turmush басылмасынын кабарчысы да күбө болгон.

Кадамжай районундагы А.Орозбеков айыл өкмөтүнүн тургуну Жетимиш уулу Азамат «Багги» үлгүсүндөгү унааны жасап чыгууга 3 ай убакыт сарптаганын билдирген болчу.

Азаматтын атасы Жетимиш Бөрүбаевдин айтымында, уулу башка дизайндагы унааларды жасоону да пландап жатат.
«Азырынча унаага ат коюла элек. Бирок күндөлүк турмушта колдонуп жатабыз. Баткендин көчөлөрүндө буга чейин мындай унааны көрбөгөн жашоочулар таң калып жатышат. Унаа атайын тоо-ташка ылайыкташкандыктан сыноодон да өткөрдүк. Бирок бул унаа өзүбүздүн тиричиликке гана колдонулат. Эгерде чиймесин сатып алып жайылтуучулар болсо каршы эмеспиз.
Алдыда ушундай унаанын башка түрүн ойлоп, чек ара кызматына берсек болот. Анткени алар тоо арасында жүрүшөт. Аларга тамак алып баруу же ыкчам иштерди жүргүзүүгө ыңгайлуу болмок», - деди Ж.Бөрүбаев.
Азамат 5 бир туугандын кичүүсү. Техниканы жакшы түшүнүп, унаа ондогон устачылык өнөрү атасынан өткөн.
«Мен бул унааны 5 жыл мурун эле интернеттен көрүп, кантип жасоону ойлонуп жүргөм. Быйыл демилгени колго алып, 3 ай аралыгында жасап чыктым. Өзүм Кадамжай шаарында Япониядан чыгарылган унаалардын тетиктерин сатып иштейм. Мындан тышкары унааларды оңдоп жүрөм. Азыркы унаага «Хонда Стэпвэгондун» кыймылдаткычын орноттум. Бул унаа автоматтык түрдө которулма (автомат коробка) болот. Дөңгөлөктөрү «Тойота» үлгүсүндөгү унааныкы. Бул дөңгөлөктөрдү атайын тоо-таштарга айдап чыгуучу чоң дөңгөлөктөргө алмаштырууга да болот. Азырынча шаардын аймагында аталган дөңгөлөктөр менен жүрүүгө ыңгайлуу.

Сырткы көрүнүшү темир түтүктөрдөн жана профилдерден ийилип, ширетилип жасалды. «Жигулинин» 40 литр бензин бата турган багын орнотуп, жумшак руль коюлду. Учурда иштердин 100 пайызы бүттү десем болот. Азыр боёп чыгып, электрондук иштерин бүткөрдүм. Мен жасаган унаа тоолорго да ыңгайлуу.
Унаанын тетиктерине жана жасоого жалпы 200 миң сомго жакын акча каражаты жумшалды. Бул автоунааны жосоодогу ширетүү иштерине, идеяларды жаратууда досум Имар Токтошовго, боёгун мыкты жасаган Нурлан Абдуллаев агама ыразычылык билдирем. Мындан ары өзгөчө кымбат автоунааларга басым жасап, кымбат автоунаа жасап чыгууну максат кылып жатам», - деген Азамат.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×