Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Кадамжайдагы көп кабаттуу үйлөрдү, ички жолдорду сел каптады (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-июнда Кадамжай шаарында катуу жаандан улам айрым көчөлөрдү суу каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдирди.

Алардын айтымында, саат 17:00 чамасында мөндүр аралаш жамгыр жааган. Автоунаалардын каттамына тоскоолдуктар жаралган эмес.

ӨКМдин Кадамжай районундагы бөлүмүнөн билдиришкендей, шаарда катуу жаандан улам көп кабаттуу эки үйдү сел каптаган. Мындан тышкары шаардын аймагындагы ички жолдорду сел каптап, айрым жерлердеги жолдорго шагыл толгон. Айрым имараттарга да зыян келтирген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1846
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×