Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Баткендеги өспүрүмдөргө жолдо жүрүү эрежелери түшүндүрүлүп жатат

Turmush -  Баткен районунун аймагында жаш өспүрүмдөргө жол коопсуздугун сактоо жана кырсыктарды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Аймактык кабарчы билдиргендей, мындай иш-чаралар өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоочулар тарабынан бейшемби жана жума күндөрү уюштурулуп келет. Алар атайын топторго бөлүнүп, калк жыш жайгашкан аймактарда жайкы эс алууда жол четинде ойноп жаткан өспүрүмдөрдүн коопсуздугун көзөмөлдөп жатышат.

Жыл башынан бери Баткен районунда 10 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 2 адам каза болуп, 12 адам ар кандай жаракат алган. Анын ичинен 3 жол кырсык өспүрүмдөрдүн катышуусунда болгон.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 409
Көп окулду
×