Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Баткен 08.06.2018 17:00

Окуучу кыздын өлүмү: Баткендеги 3 мектептин директорлоруна сөгүш жарыяланды

Turmush -  Баткен шаарынын мэриясында окуучу кыздардын мушташы боюнча жыйын өтүп, 3 мектептин директорлоруна сөгүш жарыяланып, орун басарларына эскертүү берилди. Бул тууралуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматов билдирди.

Анын айтымында, жыйынга ата-энелер, окуучулар, мектеп директорлору, билим берүү тармагынын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты.

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Баткен шаарындагы окуучу кыздар менен Самаркандек айылындагы окуучу кыздар арасында уруш чыккан. Бул чыр-чатакка 10го жакын окуучу кыз катышып, анын кесепетинен 5 окуучу кыз милициянын атайын каттоосуна алынган. Бул факты боюнча милиция кызматкерлери териштирүү иштерин жүргүзүп баштаганда, кыздардын бирөөсү өз жанын кыйган болчу.

Жыйында Баткен шаарындагы В.И.Ленин орто мектебинин директору Мавлюда Маккамбаева, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директору Г.Ы.га жана С.Айтматов атындагы орто мектебинин директору Н.Э.ге сөгүш жарыяланды. Ошондой эле В.И.Ленин орто мектебинин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Т.Т.га, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары Г.А.кызына, С.Айтматов орто мектебинин директорунун окуу тарбия иштери боюнча орун басары М.Т.га эскертүү берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×