Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 07.06.2018 15:38

Баткенде Россиядан жүк ташып келе жаткан «КамАЗ» оодарылып кетти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 7-июнда саат 14:00 чамасында Баткен районунун Көк-Таш айылында жүк ташуучу унаа оодарылып кетти.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унааны Россиядан эки айдоочу — ага-ини кезектешип айдап келе жатышкан. Аталган жүк ташыган унаада Лейлек районунун тургундарынын жүктөрү болгон.

Жол кырсыктын кесепетинен жаракат алган айдоочулардын бири Баткен облустук бириккен ооруканасына жеткирилип, экинчисине медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×