Бөлүмдөр
Шейшемби, 21-август
Баткен

Эл ичи — өнөр кенчи: 6 тилди өздөштүргөн Д.Турдалиев бий дүйнөсүн багындырып жатат (фото)

Turmush -  24 жаштагы Дастанбек Турдалиев Ош мамлекеттик университетин окуп бүтүрүп, алты тил үйрөнүп, бий боюнча бир нече байге алууга жетишти. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Дастанбек бийдин брейк-данс түрү менен 2012-жылдан бери алек. Ал 2014-жылы өлкөдөгү жаштардын бий фестивалында 1-орунду багындырган. Ошондой эле 2015-жылы бул ийгилигин кайрадан кайталаган.

«Ушул эле жылы бий боюнча Орто Азия чемпионатында жеңүүчү болуп, эң мыкты 8 бийчинин катарын толуктадым. Ал эми 2016-жылы Казакстанда өткөн КМШ өлкөлөрүнүн фестивалында мыкты 4 бийчинин катарына кирдим. Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкам. Быйылкы Көчмөндөр оюндарына да катышууну пландап жатам. Мындан тышкары бир нече грамота, диплом, медалдар менен сыйлангам. Учурда Голландия, Словения, Ялтадагы бий сынактарына катышууга даярданып жатам. Кыргызстандагы шаарларда ай сайын бий турнирлерин уюштурам. Ага 50гө жакын бийчи катышат», - деди ал.

Жаш бийчи үстүбүздөгү жылдын февраль айында Орто Азия турнирин уюштурган. Ал Ош шаарында өтүп, ага 500дөй адам чогулду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1073
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×