Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 04.06.2018 12:18

Баткенде сугат суу жетпеген тургундар нааразычылык билдирип чыгышты (фото, видео)

Turmush -  Бүгүн, 4-июнда Баткен районундагы Кара-Бак айыл аймагынын тургундары сугат суунун жетишсиздигине нааразы болуп, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратына чогулушту. Жергиликтүү тургундар Кара-Бак айыл аймагындагы 4 чоң дыйкан чарбанын жерине сугат суу жетишсиз болуп жатканын айтууда.

Дыйкан чарбалар бир топ жылдардан бери үлүш жерлерди пайдаланып келет. Аталган 4 дыйкан чарбанын жери кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан.

Нааразычылыкка чыккандардын бири Азам Салиевдин айтымында, каналдардан аккан сугат суу тажик тарапка агып жатат.

«Биз аларга барып кайрылсак, тажик тарап сууну сатып алганын айтып жатат. Андан кийин биз Баткен райондук суу чарба ишканасынын жетекчилигине телефон аркылуу кайрылсак, ал Жалал-Абад облусунда эс алууда жүргөнүн айтып, телефон аркылуу коркутуп-үркүтүүгө алды. Анын бул кылыгын биз телефонго жаздырып алып, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге угузалы деп жатабыз. Биздин эгиндер суусуз калып, куурап жатат.

Бул маселе тынчтык жол менен чечилсин деп бул жерге келдик. Биздин дыйкан чарбалар 1000 кожолук элден турат», - деди ал.

Чогулгандар менен Баткен районунун акими Кеңеш Салихов жолугуп, көйгөй менен жеринде таанышууга жөнөп кетти. Нааразычылык билдирип чыккандар облус башчысы менен жолугушкан жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×