Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 02.06.2018 11:32 Жаңыланды: 15.10.2018 14:52

Айыл турмушу: Баткендик С.Жумабаева жолдошу экөө 4 жылдан бери коралл тукумундагы 500гө жакын тоок багууда (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын тургуну Сайрагүл Жумабаева жолдошу Раимкулов Исабек экөө 4 жылдан бери тоок ферма иштетип жатат. Аймактык кабарчы алардан кабар алды.

Сайрагүл айымдын айтымында, 1жылдык кирешеси 400 миң сомго чейин жетет. Фермада коралл тукумундагы 500гө жакын тоок багылууда. Аларды Ош шаарынан алып келген.

«Тоокторго күнүнө 2 маал жем берилет. Абанын температурасы жана жарыктыгы бир калыпта болуусу зарыл. Жайында короонун ичи салкын болушу керек. Кышында көмүр сатып алып, короонун ичин 18-20 градус кылып жылытып турабыз. Эртең менен саат 8:00до светти күйгүзүп, тоокторду ойготуп кетем. Бир сааттан кийин аларга жем чачам. Саат 16:00 чамаларында жумурткаларын жыйнап алам. 2-3 күндүк жумурткаларды чогултуп, дүкөндөргө тапшырам. Жумурткаларды кыш мезгилинде 7 сомдон, жаз, жай мезгилинде 6 сомдон тапшырам», - деди ал.

Фермадагы тооктор 2 жыл багылат. Андан соң этке өткөрүлүп, ордуна жаңы жөжөлөр алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×