Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Баткен облусундагы балдарга майрамдын алкагында белектер таратылды (фото)

Turmush -  1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Баткен районунда атайын иш-чара уюштурулду. Бул тууралуу акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова билдирди.

Анын айтымында, салтанатка Баткен районунун аймагынан чакыртылган жакшы окугандар, жарым жетим, тоголок жетим балдар, турмуш-шарты оор үй бүлөлөрдүн балдары жана ата-энелер катышышты. Жалпысынан 60ка жакын окуучуга оюнчуктар белек кылынып, акысыз балмуздактар таратылды. Саамалыкты уюштурууга демөөрчүлөр тарабынан жалпы 40 миң сомдон ашык каражат сарпталды. Майрамдын алкагында балдарга Баткен райондук балдардын чыгармачылык борборунун жана райондук балдар музыкалык мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Салтанаттын алкагында мэрия тарабынан марафон уюштурулду. Марафондо 61270 сом топтолуп, «Нур» реабилитациялык борборуна тапшырылмак болду.

Бүгүнкү майрамдын алкагында Баткен районундагы Боз-Адыр айылынын 12 жаштагы тургуну Рашит кызы Алинага майып арабасы тапшырылды.

Акимчиликтин маалыматына караганда, майып араба Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан берилип, Баткен райондук социалдык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан тапшырылды. Бир арабанын баасы 40 миң сомду түзүп, ал көп кызматтарды аткарат.

Буга чейин Дара айыл аймагындагы Чек айылында жашаган Руслан Ташбеловго да майып араба тапшырылган болчу. Руслан менен Алина төрөлгөндөн бери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген.

Бүгүнкү күндө район аймагында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 500гө жакын бала бар. Алардын ичинен 6 бала майып арабага муктаж болчу. Учурда алардын экөөсүнүн муктаждыгы чечилип, дагы 4 бала майып арабага муктаж бойдон калууда.

Баткен облусунун жетекчилиги да балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен Баткен шаарында жана Лейлек районунда 140 орундуу типтүү балдар бакчасы курулууда.

2017-жылдын март айында Баткен, Кызыл-Кыя шаарларында бирден 160 орундуу мектепке чейинки билим берүү мекемелери ачылып, 320 бөбөк мектепке чейинки тарбиялоого тартылган. Азыр аблуста 140 балдар бакчасы болсо, анын 13 жеке менчик. Учурда республика боюнча мектепке чейинки курактагы жаш балдардын 39% бала бакчага тартылган. Баткен облусунда учурда балдар бакчаларына тартылган балдардын саны 18500гө (40%) жетти.

Өткөн жылы Лейлек районунда аз камсыз болгон, тоголок, жарым жетим жана жалпы эле билимге муктаж балдар үчүн атайын балдардын окуу борбору курулуп, иштеп жатат. Жалпы сметалык баасы 70 млн сомду түзгөн, окуу бөлмөсү 315 орунга, жатаканасы 256 орунга ылайыкташтырылган заманбап окуу корпусу Кувейт мамлекетинин коомдук уюму тарабынан каржылоого алынган.
Балдарды куттуктоо иш-чарасына облус жетекчиси А.Халмурзаев катышты.

Бүгүнкү майрамда Сүлүктү шаарында спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу Сүлүктү шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара «Биздин балдар планетанын келечеги» деген ураандын астында өттү. Анда жаш өспүрүмдөр чакан концерттик программаларды уюштуруп, бийлөө, ырдоо сыяктуу сынактардан жеңүүчү болуп табылгандар белектер менен сыйланышты. Өспүрүмдөр арасында спорттук мелдештер өтүп, жеңүүчүлөр баалуу белектер, акчалай сыйлыктар жана балмуздактар менен сыйланышты. Салтанатка жергиликтүү бюджеттен 27 миң сом, демөөрчүлөрдөн 5500 сом сарпталды.

Майрамдын алкагында Исфара шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар сыйланышты.

Мэриянын маалыматына караганда, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын «Кулунчак» мектепке чейинки калыптандыруу борборундагы 27 балага шаар мэри А.Анарботоев 1000 сомдон акчалай сыйлык жана белектерди тапшырды. Ошону менен бирге тоголок жетим 13 балага 5 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 647
Көп окулду
×