Бөлүмдөр
Ишемби, 18-август
Баткен

Видео: Баткенде чек арада жашаган кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып кете жаздады

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Бакай аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда чыр чыгып кете жаздады.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, жаңжал эртең менен саат 11:00 чамасында чыккан.

Жергиликтүү тургун Камчы Баймуратовдун айтымында, пикир келишпестиктин чыгышына Кыргызстандын жараны чек арада эки тарап колдонуп келген 10-15 метр жерди сүрдүрүп, жолду өзгөртүүгө аракет кылганы себеп болгон. Себеби жол анын үйүнүн чарбагынан өтчү. Тажик жарандары «чек ара тактала элек, жолду мурунку калыбына келтир» деп өз жаңжал чыгып, мушташа кетишкен. Тажик жараны таштан башынан жаракат алган. Жеринде ыкчам иш алып барган милиция кызматкерлеринин жардамы менен чатак 5 мүнөткө жетпей токтотулду.

Прокуратура эмне дейт?

112

(Мирлан Калыбеков)

Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун айтымында, азыр абал көзөмөлгө алынды.

«Бүгүн, 31-майда саат 10:50 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай аймагында №2022 чек ара отрядынын Ак-Сай айылындагы «Капчыгай» чек ара бекетинин кызматкерлери Тажикстандын Исфара районунун «Ворух» чек ара бекетинин кызматкерлери менен Ак-Сай айылынын 1975-жылы туулган тургуну Камчыбек Баймуратовдун короосунун ичине болжол менен 3-4 метр кирип өткөн жолду короосуна кирбей турган кылып түздөп салгандыгы боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда ал жерде чогулган Ак-Сай айылынын 7-8дей жергиликтүү тургундары менен Тажикстандын Ворух айылынын 10го жакын тургундары өз ар пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Эки тараптын жарандарын Баткен РИИБдин Таш-Тумшук аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана чек арачылар ажыратып калышкан. Чатактан улам Ак-Сай айылынын тургундары Камчы Баймуратов, Кубаныч Ражапов жана Жеңиш Дубанаевдер ар кандай жаракаттарды алышкан. Азыркы учурда Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай аймагы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен аймакта болжол менен 25-30 жакын кыргыз жарандары, 15-20 жакын тажик жарандары топтолуп турат. Абалды тартип сакчылары жана чек арачылар тарабынан көзөмөлдөнүп жатат», - деди ал.

Мурда да чыр-чатактар болгон:

Буга чейин апрель айында да Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагындагы Үч-Дөбө айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жер талаштан улам чыр чыккан болчу.

Маалыматка караганда, тажик тарап Кыргызстандын жериндеги дүкөндүн жанына контейнер алып келип коюуга аракет кылган. Ал учурда кыргыз тарап чек ара тилкесин тосууга аракет кылып, ортодо чатак чыккан. Эки тарап жер талашып жатканда тажик тарап таш менен уруп, чыр чыгарып жиберип, эки жактан тең ондогон адамдар топтолуп, бири-бирине таш ыргытууга чейин жетишкен. Тажик тарап 2 аптадан бери контейнер коюуга аракет кылып келишкен.

Окуя болгон жерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо кызматкерлери иш алып барып, кырдаалды көзөмөлгө алышкан.

Ал эми, экинчи маалыматтарга караганда, чырдын чыгышына Кыргызстандын Үч-Дөбө айылынын тургуну чарбагын тосуу үчүн дубал курууга кылган аракети себеп болгон. Тажик тарап «бул такталбаган жер, мында курулуш курганга болбойт, эки тараптуу келишимде ушинтип сүйлөшүлгөн» деп нараазы болуп, натыйжада 2 тараптан ондогон адамдар топтолгон. Ортодогу чатак эки тараптын бири-бирине таш ыргытуусуна чейин жеткен. Натыйжада кыргыз тараптан 1-2 адам жаракат алып, ооруканага кайрылышкан. Тажик тараптан да жабыркагандар болгон.

(Апрель айындагы чыр)

Прокуратура эмне дейт?

Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун айтымында,

Бүгүн, 31-майда саат 10:50 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай аймагында №2022 чек ара отрядынын Ак-Сай айылындагы «Капчыгай» чек ара бекетинин кызматкерлери Тажикстандын Исфара районунун «Ворух» чек ара бекетинин кызматкерлери менен Ак-Сай айылынын 1975-жылы туулган тургуну Камчыбек Баймуратовдун короосунун ичине болжол менен 3-4 метр кирип өткөн жолду короосуна кирбей турган кылып түздөп салгандыгы боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жаткан учурда ал жерде чогулган Ак-Сай айылынын 7-8дей жергиликтүү тургундары менен Тажикстандын Ворух айылынын 10го жакын тургундары өз ар пикир келишпестиктен уруша кетишкен. Эки тараптын жарандарын Баткен РИИБдин Таш-Тумшук аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жана чек арачылар ажыратып калышкан. Чатактан улам Ак-Сай айылынын тургундары Камчы Баймуратов, Кубаныч Ражапов жана Жеңиш Дубанаевдер ар кандай жаракаттарды алышкан.

Азыркы учурда Баткен районунун Ак-Сай айылынын Бакай аймагы менен Тажикстандын Ворух айылы чектешкен аймакта болжол менен 25-30 жакын кыргыз жарандары, 15-20 жакын тажик жарандары топтолуп турат. Абалга тартип сакчылары жана чек арачылар тарабынан көзөмөлдөнүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3213
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×