Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Айдаркендеги чек арадан 100 миң сомдук аткезчилик жүк кармалды

Turmush -  Бүгүн, 31-майда Айдаркен шаарындагы «Марказ» чек ара бекетинин чек арачылары аткезчилик жүк алып бара жаткан кыргызстандык адамды кармашты. Бул тууралуу түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү учурунда «Хундай Портер» үлгүсүндөгү унаа текшерилген. Анын ичинен 72 коробкага салынган электр лампалары табылган. Кармалган адамдын жанында жүккө тиешелүү документтер жок болгон. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 100 миң сомду түзгөн. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган адам укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 683
Көп окулду
×