Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Кызыл-Кыяда экстремисттик ишмердүүлүккө шектелген адамдын үйү тинтүүгө алынды

Turmush -  2-май күнү Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы бир нече үйлөргө тинтүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тинтүү иштери диний экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн иш-аракеттерин алдын алуу максатында уюштурулду. Кызыл-Кыя шаарынын Загородная көчөсүндөгү үйгө эртең мененки саат 06:00 чамасында жалпысынан 6 кызматкер 2 күбө менен чогуу барып, үй ээси З.А. менен жубайы Г.А.га тинтүү жүргүзүү боюнча соттун уруксат чечимин көрсөтүшкөндө үй ээлери ызы-чуу чыгарышып, 5-6 кошунасын чакырып, 1 сааттай үйүнө киргизген эмес. Милиция кызматкерлеринин аткарган жумуштарына тоскоолдук жаратышкан.

Чогулган элге кызматкерлер туура түшүндүрмө берген соң үй ээси тинтүүгө уруксат берген.
Тинтүү учурунда 11 даана диний китеп, 1 араб жазылмасы бар дептер, 2 телефон, 1 ноутбук жана 2 флешкарта үй ээлери жана күбөлөрдүн катышуусунда далил буюм катары алынган. Алар Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына жөнөтүлдү. Үй кожойкесинин «мага милиция кызматкерлери күч колдонду» деген сөзү чындыкка дал келбейт. Тинтүү учуру кызматкерлер тарабынан толугу менен тасмаларга тартылган.

Үйдүн кожоюну З.А. үйүнө 2013-жылы тинтүү жүргүзүлүп, далил буюмдар алынып, ал Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайын колдонуу) негизинде сот жообуна тартылган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 661
Көп окулду
×