Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусуБаткен району 23.05.2018 18:21

Баткендеги чек арачыларга мобилдүү видео байкагычтар тапшырылды (видео, фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-майда Баткен чек ара чөлкөм башкармалыгына 77 даана мобилдүү видео байкагыч тапшырылды. Бул тууралуу аталган башкармалыктын башчысынын орун басары Кыялбек Төлөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жабдыктар Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара кызматкерлерине берилет.

«Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда күнөөлүү тарапты далилдөө кыйын болгон. Бул жабдыктардын жардамы менен ар кандай чыр-чатактарды жана кыймыл аракеттери тартып алып, далилдөөгө болот. Иштөө мөөнөтү 12 саатты түзөт. Аны электр тогунун жардамы менен кубаттуулугун ордуна келтирип иштетүүгө болот. Муну менен чек ара кызматкерлерине дагы бир шарт түзүлдү», - деди ал.

Жабдыктар БУУнун өнүктүрүү программасы аркылуу сатылып алынды. Аталган уюмдун Баткендеги өкүлү Сарвар Турдубаев белгилегендей, буга чейин чек арачыларга 23 компьютер берилген. Ал эми видео байкагычтар 1 млн сомдон ашык каражатка алынды. Анын ар бири 14 миң 600 сомго бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×