Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-июнь
Баткен

Кызыл-Кыяда жетим балдар окуган интернатты жабууга каршы чыккандарга бийлик «мектеп курулат» деп ишендирүүдө (фото)

Turmush -  Лейлек районунун Кызыл-Кыя шаарындагы жатак тибиндеги мектеп-интернатынын жабылуусуна андагы окуучулардын жакындары каршы чыгышууда.

Алардын айтымында, 2013-жылы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан интернаттардын санын кыскартуу чечими чыгып, 2018-жылга чейин оптималдаштыруу каралган. Анын негизинде өткөн жылы Кызыл-Кыя шаарындагы И.Абдырахманов атындагы жатак тибиндеги мектеп окуучуларды кабыл алууну токтоткон. Эл арасында быйылкы окуу жылы аяктаса интернат ишин толук токтотот деген маалымат таркады.

«Бул жатак тибиндеги мектеп интернатында билим берүүнү окуу жылы аяктары менен жыйынтыктаганы турушат. Өткөн жылы алгачкы жумуштар башталып, окуучуларды кабыл алуу токтогон болчу. Интернат жеке кызыкчылыктар үчүн жабылып, жеке менчикке өткөнү турат. Бул жердеги атасы, апасы жок балдар, социалдык абалы оор балдар кайда барышат? Бизге интернат керек. Шаарда деле оор турмушта жашаган балдар бар. Алар аярлуу болгондуктан жөнөкөй мектепте башка балдар менен тең болуп кете албайт», - деди Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Нурзада Маматбекова.

Интернаттын ордуна бала бакча курулат деген кеп тараган. Аны жергиликтүү бийлик четке кагып, ордуна кайрадан мектеп курулат деп ишендирди.

«Биз деле элдин муктаждыгын карап, министрликке «токтомду жокко чыгаргыла» деп кайрылдык. Эми аны алдыда көрөбүз. Бирок интернат жабылса, жөнөкөй мектеп же гимназия жатак мектеп катарына кошулат. Ошондо окуучулар кайра эле жаңы имаратта окуусун улантышса болот. Ал эми акылуу болору тууралуу азырынча так маалымат жок. Мекеме менчик болбойт», - деди Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Асылбек Маткалыков.

Союз убагындагы чабандардын балдары окуган интернатта учурда ата-энеси жок, же жарым жетим, турмуш-шарты оор 200дөй бала билим алат. Алардын арасында Ош облусунан да келгендер бар.

2017-жылдын сентябрь айындагы сүрөттөр

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 777
Көп окулду
×