Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Баткен облусу, Баткен 21.05.2018 17:07

Баткенде Акыркы коңгуроодо окуучулардын унааларда жүрүшүнө тыюу салынды

Turmush -  Баткенде 25-май — Акыркы коңгуроо аземинде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштешет. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн үгүт-насаат инспектору Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, кызматкерлер облус аймагындагы ар бир мектептерге бөлүнүп, мугалимдер менен биргеликте иш алып барышат. Окууну аяктап жаткан 9-11-класстын окуучуларынын унаалар менен жүрүүсүнө тыюу салынган. Эгерде мындай учурлар каттала турган болсо КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 244-беренесинин негизинде 3000 сомдон 5000 сомго чейин айып пул салынат. Буга чейин жер-жерлерде ата-энелер, мугалимдер менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Былтыркы жылы жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 12 жол кырсыгы катталып, 3 өспүрүм каза болгон. 12 өспүрүм ар кандай жаракаттарды алып ооруканага кайрылышкан.

Быйылкы жылы өспүрүмдөр арасындагы 17 жол кырсыгы катталып, 1 өспүрүм каза болгон. 17 өспүрүм ар кандай жаракат алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×