Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусу, Кадамжай 20.05.2018 10:50

Баткен жана Кадамжай райондорунда селдин кесепеттери тазаланып жатат

Turmush -  Баткен жана Кадамжай райондорунда сел кесепеттерин жоюу аракеттери жүрүүдө. Бул тууралуу облус жетекчилигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-май күнү катуу жааган жаандан улам Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ак-Өтөк айылында жана Кадамжай районунун Ак-Турпак, Кызыл-Коргон айылдарында сел жүргөн. Аталган аймактарга облус жетекчилиги барып, сел кесепеттерин жоюу боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Ак-Өтөк айылында элдин негизги киреше булагы болгон 15 гектар күрүч талааларды сел жууп кеткен. 30дай тургундун короо-жайларын кум-шагылга толтуруп, 1 электр мамычасы жарактан чыгып, 15 үй-бүлө жарыксыз калган. 200-300 метр ички чарбалык жол шагылга толгон.
Ошол эле күнү айылды селден тазалоо жумуштары башталып, элге электр жарыгы берилген. Жолдорду, элдин короо-жайын тазалоо жумуштары жергиликтүү бийлик жана ӨКМ тарабынан аткарылууда.

Ал эми Кадамжай районунда жүргөн сел Ак-Турпак жана Кызыл-Коргон айылынын 4 км ички чарбалык жолдорун бузуп, арыктарды кум-шагылга толтурган. 15 үйдүн короо-жайына сел суусу кирген. Учурда айылда 20 техника иштеп, калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө. Келтирилген зыяндын эсеби такталууда. Табигат кырсыгынан адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес.

18-майда Кадамжай районундаг жүргөн сел

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×