Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Айыл турмушу: 26 жаштагы Элнура кийизден китеп жасап, аны 1200 сомдон сатууда (фото)

Turmush -  Кийизден, кагаздардан башталгыч класстын окуучуларына кооз китептерди, мультфильмдин каармандарын, куурчактарды жана айымдар үчүн сумка, гүл жасап саткан Талантбек кызы Элнура мектепте эмгек жана сүрөт сабагынан мугалим болуп иштөөнү көздөөдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, окуучулук кезинде эле сүрөт тартууга, кол өнөрчүлүккө кызыгып келген.

«Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетти аяктап, Ак-Талаа районуна келин болгондон кийин деле ушул өнөрүмдү калтырган жокмун. Учурда кыз-келиндер үчүн сумка, мугалимдерге көргөзмө курал, кийизден, кагаздан башталгыч класстын окуучулары үчүн китептерди, кийизден ар кандай мультфильмдин каармандарын, куурчактарды жасап жатам. Кардарларым базардагыдан айырмасы жок экен деп, эмгектеримди сатып алышууда.

Кыз-келиндер үчүн жасалган сумканы 2000 сомго, кийизден, кагаздан жасалган китептерди 800-1200 сомго баалап сатам. Бир жолу биздин айылдагы мектепте китеп сынагы болуп, мугалимдер кийизден, кагаздан жасалган 15 даана китепке буйрутма беришкен. Жолдошум жардамдашып, тукабасын жасап берди. Бул китептерди жеке эле мугалимдер эмес, ата-энелер да буйрутма берип алып кетишүүдө. Быйыл мугалимдик кесип боюнча жогорку окуу жайдан билим алууну баштап, кошумча мектептен сүрөт жана эмгек сабагынан мугалим болуп иштесемби деген ой-максаттарым бар. Учурда балам кичинекей болуп, бул кол өнөрчүлүгүм менен көбүнчө түн ортосунда алектенип калам.

Албетте, бул кол өнөрчүлүк өтө майда жумуш, бирок мага жагат. Канча жасасам да тажабайм. Жасап жатканда кызыгып отура берип, убакыттын кандай өткөнүн билбей калам», - деди ал.

Элнура 1992-жылы Ысык-Көл облусунун Тоӊ районуна караштуу Кара-Талаа айылында төрөлгөн.

«Биринчи жолу түлкүнү жасасам, аным мышык болуп калган. Бир нерсе жасасам балдарымдан "бул эмне" деп сурайм. Алар тапса, анда окшошуптур деп калам. Мисалы, мультфильмдеги каармандарды жасаганда дароо табышат. Кээде жасап жаткан куурчактарымды таппай калам, карасам кичүү балам ойноп жүргөн болот. Анысы аз келгенсип, кездемелерди улам чачып кетет. Мен майда-чүйдө нерселерин таппай калып, кайра жасайм.

Учурда жолдошум экөөбүз Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылында жашап, 2 баланы тарбиялап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2126
Көп окулду
×