Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Ош облусуНоокат району 17.05.2018 09:20

Элдик уламыш: Кара-Таш айылынын башындагы чоң кара таш Кокон хандыгынан бери турат

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү Кара-Таш айылынын башында жайгашкан чоң кара ташты тоодон түшкөн же сел менен келген деп ойлошот. Бирок ал таш Кокон хандыгынын убагында бар болгонун айылдыктар өздөрү да биле беришпейт. Бул айыл Ош тараптан 42 чакырым алыста жайгашкан.

Айылдыктар билдиргендей, айтылуу Карагой жайлоосуна бара жатканда чоң кара ташты көрүүгө болот. Ал таштан бери жагы эле Кара-Таш деп аталып калган. Аймактын Кара-Таш айылы деп аталып калуу себебин тарыхка, санжырага кызыккан орус тил мугалими Акрам Камбаров баяндап берди.

«Мен да жаш кезекте чоң атамдан уккан окуямды айтып берейин. Аталарымдан толук укпай, маани бербегениме өкүнөм. Алардын айтып берүүсү боюнча, Кокон хандыгынын учурунда Толубай аттуу аскер башчы болгон. Аймактарды басып алуу учурундабы же кандай себептер менен экендигин толук билбейм, башчы ушул аймакка келип калат. Ал "абасы таза, тоонун түбү, суусу тунук, таза экен, мага ушул аймакты бериңиз" деп Кокон хандыгына кат жиберген. Картага өзүнө каратып алчу аймакты түшүргөн экен. Анда чоң кара таштан тарта мүрзөгө чейинки аймак камтылган болот. Жазуусунда да кара таш турган жерден баштап деп жазылган дешет», - деди мугалим.

Оштон Ноокат тарапка бара жатканда Алмалык айылында да Кара-Таш деген жазууну көрүүгө болот. Ал жер да ушул сыяктуу, кара таш орноп калган үчүн Кара-Таш деп аталып калышы мүмкүн деп айтылат.

А.Камбаров Кара-Таш айылы СССР убагына чейин Беш-Бадам деп аталганын кошумчалады.

«Кадимки бадам өсүмдүгү көптүгүнөнбү же бизге чейин айыл башында бадам болгондонбу, Беш-Бадам деп аталып жүргөн экен», - деди ал.

Ал эми Союз убагында колхоз болуп бөлүнүп, көпчүлүгү орусча аталып баштаган. Кара-Таш айылы СССР убагында Михаил Калининдин ысымын алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×