Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 14.05.2018 16:46

Лейлекте селден кийин Исфана–Кулунду–Арка унаа жолу тазаланып, каттам ачылды (фото)

Turmush -  Лейлек районунда селден тосулуп калган Исфана–Кулунду–Арка унаа жолу тазаланып, каттам ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, селден улам 15 үйгө, социалдык 5 объектке, чарбалык 8 курулушка, 22 короо жайга суу кирген. 16,9 км ички чарбалык жолдорду, 4,2 км ички чарбалык арыктарды, 19 гектар айыл чарба жерлерин сел жууп кеткен.

Ошондой эле сел 6 жандык мал, 5 бодо мал селге аккан. Чарбалык 6 көпүрө, 565 метр сел тосмо, 5 таза суу түтүгү, 2 электр мамычасын жараксыз абалга алып келди.

Учурда Кулунду айыл өкмөтүндө селдин кесепеттерин жоюу, электр зымдарын улоо иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×