Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Сууга аккан мал, талкаланган унаалар: Лейлектеги селдин зыяндары такталды (тизме)

Turmush -  Кечээ, 13-май күнү мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Лейлек районунун аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин Баткен облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Замир Сооров билдирди.

Маалыматка караганда, селден улам ички жолдор шагылга толуп, үйлөрдү суу каптаган.

Селдин кесепетин жоюу үчүн тартылган күч жана каражаттар:

* ӨКМден – 120 куткаруучу;

* Жергиликтүү бийликтен – 90 киши;

* 3 экскаватор, 1 грейдер, 1 автожүктөгүч, 2 погрузчик, 4 грейдер. Жалпы 12 техника.

Техникалардын жардамы менен унаа жолдор тазанууда:

* Чимген айылында 1 даана грейдер, 1 даана автожүктөгүч иштеп жатат;

* Исфана—Ак-Суу жолу - 1 грейдер;

* Исфана—Кулунду жолу - 1 грейдер;

* Кулунду—Бешкент - 1 автожүктөгүч;

* Исфана—Андарак—Көк-Таш жолу - 1 грейдер;

* Маргун айылы - 1 грейдер.

* Кулунду каналында 2 «Хово», 1 экскаватор.

Селден улам Исфана шаарына келтирилген чыгымдар:

* Чимгендеги «Арча-Бешик» балдар бакчасынын жер төлөсүнө жана чарбагына сел суулары кирген;

* «Ынтымак» балдар бакчасынын жер төлөсүнө сел суулары кирген;

(Селдин кесепеттери тазаланууда)

* 90 метр АВР планы менен курулган дамбаны сел бузуп кеткен;

* 3 үйгө сел суулары кирген;

* 2,9 км ички чарбалык жолду сел жууп кеткен;

* 3,7 км ички арыктарды сел суулары басып калган;

* Кара-Таш айылында ички чарбалык көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен;

* Исфана шаарында «Ак-Чайыр» балдар интернатынын жана 1 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген.

Ак-Суу айыл аймагы боюнча кесепеттер:

* Суу-Башы айылындагы 5 км ички жолдорду сел алган, каттам кыйынчылык менен өтүүдө;

* Атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 450 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагыл басып калган;

* 7 баш бодо малды сел агызып кеткен;

* жогорку чыңалуудагы 2 даана электр мамычаларын сел алган.

* Кызыл-Бараз участкасындагы арыктын башын сел алган;

* 500 метр ички арыктарды сел суулары басып калган;

* 1 даана ички көпүрөнү түркүгүнүн астын сел суулары жууган;

* 5 гектар үлүш жерди кум шагыл басып калган.

Алга айылы боюнча:

* 3 гектар жердеги эгиндерди сел баскан.

Сумбула айыл аймагы боюнча:

* Исфана—Көк-Таш автожолун сел алган, каттагандар кыйынчылык менен өтүүдө;

* 1 жеңил унааны сел басып калган.

Бешкент айыл аймагы боюнча:

* Эски-Оочу айылында 4 км ички жолду сел алган;

* 6 үйдүн жер төлөсүнө сел суулары кирген, абалы канааттандырарлык:

* 2 чарбалык имарат бузулган:

* Мектеп-Сай учаскасында атайын алдын алуу кесепеттерин жоюу планы боюнча курулган 90 даана габион сеткаларын сел алып, кум шагыл басып калган;

* 2 км ички арыктар сел алып, шагыл басып калган;

* 2 унаа селден жабыркаган.

Кулунду айыл аймагы боюнча:

* Кушлук-Сай сел кетүүчү сайындагы жаңыдан курулуп жаткан унаа өтүүчү көпүрөнүн бир жак тарабын сел жууп кеткен:

* Интернационал айылындагы дүкөнгө сел кирген:

* Коммунизм айылынын Коровник участкасында 4 үйгө сел кирген.

6. Маргун айыл аймагы боюнча:

* 300 метр латок сел алып, кум шагыл басып калган.

Даргаз айылы:

* 1,5 км ички чарбалык жол сел алып, шагыл басып калган;

* 6 баш жандык малды сел агызып кеткен.

Дархум айылы:

* 3 км ички чарбалык Дархум—Мадиген жолун сел алып, шагыл басып калган.

Чурбек айылы:

* 3 км ички чарбалык жолду сел алып, шагыл басып калган.

Кулунду айылы:

* Кулунду каналынын бир нече аралыгын шагыл басып калган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3189
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×