Бөлүмдөр
Жекшемби, 23-сентябрь
Баткен облусуБаткен району 14.05.2018 11:20

Айыл турмушу: Баткендик Акматбек аксакал унааларды оңдоп, тиричилик буюмдарын жасайт (фото)

Turmush -  Баткен районунун Кара-Булак айылынын 70 жаштагы тургуну Акматбек Көкчөев унаалардын тетиктерин оңдоп иштейт. Аймактык кабарчы уста аксакал менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, темир дарбазаларды да жасайт.

«Атам темир уста болгон. Атамдын кесибин улап, мен да ушул өнөрдү үйрөндүм. 20 жашымдан тарта устачылык кылам. Үйүмдүн жанына кичинекей устакана ачып, дарбазаларды, үй буюмдарын, кетмен, орок, депкир, кайчы, балта жасайм. Унаалардын тетиктерин, жер казуучу техникаларды кураштырам. 2 жыл мурда мотоциклге «Жигулинин» тетиктерин улап, талаа унаасын жасагам. Азыр да иштеп жатат, бензин менен жүрөт.

Өнөрүмдү балдарыма да үйрөтүп, алар унаа оңдоочу уста болушту. Устаканамдын жанына унаа оңдоочу жай ачканбыз. Айылдагылар келип, унааларын оңдотуп турушат. Атайын жогорку билимге ээ болгон эмесмин. Ушул өнөрүм менен үй-бүлөмдү багып, тиричилик кылам», - деди ал.

Уста 3 кыз, 2 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×