Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Видео — Лейлектеги бир нече айылды сел каптап, малды, унааларды агызып кетти

Turmush -  13-майда нөшөрлүү жаандын кесепетинен Лейлек районундагы бир нече айылды сел каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, сел жаңы курулган көпүрөлөрдү агызып жана Исфана шаарын, Чимген, Самат, Беш-Бала айылдарын каптап кетти. Нөшөрлүү жаан мөндүр жаагандан кийин саат 16:45 чамасында башталган.

Кулунду айыл аймагында сел мал-жандыктарды жана «Хундай Портер» үлгүсүндөгү 1 унааны агызып кетти. Учурда канча мал акканы аныктала элек. Түндө сел алган жолдон «Хова» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Айылда жаңыдан курулуп жаткан көпүрөнүн жанына курулган айланма жолду да сел алып кеткен. Бактыга жараша көпүрөгө зыян келген эмес. Элдин 3 миң гектар жерин сугат суу менен камсыз кылып турган каналдын 2 жерине шагыл толуп калды. Анын кесепетинен сугат суу алуу көйгөйү жаралды.

Ошондой эле Интернационал айылындагы базарга жана чарбактарга суу кирген. Учурда селдин кесепети такталууда.

ӨКМ маалыматына караганда, сел Кара-Кемер, Ак-Суу айылдарында курулган тосмолорду агызып кетти.

Ошондой эле райондун Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Олчу айылында селден улам 6 үйдү суу басып, 27 чарбакка шагылдар толду.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 33 сайдан сел түшүп, ички жолдор бекилип калган. Селдин суусуна 3 бодо мал аккан. Айыл өкмөттүн Шоро-Сай айылындагы 7 арыкты, Кайрагач айылындагы Максат—Булак-Башы жолун сел жууп кетти.

Бешкент айыл өкмөтүнүн башчысы Кубат Мусаевдин айтымында, селден улам 6 үй, 2 сарай жараксыз абалга келип, 20 короого шагыл толуп калды. 3 унааны суу каптап кеткен. Айыл өкмөттө жалпысынан 12194 адам жашайт.

Лейлек районундагы сел жүргөн аймактарга Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов барат. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка карананда, 13-май күнү Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагында катуу жаап өткөн жаандын кесепетинен Шорбулак сел өтүүчү сайынан сел жүрүп, Чимген айылында 2 үйдү жана 15 чарбакты суу каптаган.

Ошондой эле Исфана шаарында 1 үйдүн жана «Ак-Чайыр» балдар интернатынын жер төлөсүнө суу кирген. Саат 21:00дө ӨКМдин атайын кызматкерлери менен техникалары аталган үйдүн жана «Ак-Чайыр» балдар интернатынын жер төлөсүн каптаган сууну толук тазалашты.

Кара-Таш айылында көпүрөнү толугу менен сел алып кеткен. Ак-Суу айылы менен Кара-Камар айылын байланыштырып турган ички чарбалык жолдун 4 чакырым аралыгын сел суусу жууп кетип, жолдо каттам жабылган. Ак-Суу айылынан 7 баш бодо малды жана 2 электр мамычасын сел суулары агызган. Ак-Суу, Чоюнчу, Жар-Кыштак айылдарын электр энергиясы менен камсыздоо, жолдорду калыбына келтирүү, сел кирген турак жайлар менен социалдык объектилерди тазалоо жумуштары улантылууда.

ӨКМ мындан тышкары Лейлек районунда өзгөчө кырдаал тартибин киргизүү чечими кабыл алынгандыгын кошумчалады. Учурда тиешелүү кызматтарга тапшырмалар коюлган. Райондук жарандык коргонуу комиссиясынын штабы түзүлүп, кырсыктан жабыркагандарды тактоо жана кесепеттерди жоюу иш-чаралары улантылып жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
1
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4409
Көп окулду
×