Бөлүмдөр
Жума, 25-май
Баткен

Видео - Кыргызстандын аймагына кирип келген тажик чек арачылары жергиликтүү тургундардан паспорт талап кылышкан

Turmush -  Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына кирип, Лейлек районунун Кулунду айылынын тургундарынан паспорт көрсөтүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу күбө «Репортерго» билдирип, окуянын видеосун жөнөткөн.

Видеодо аскер адамдарынын бири паспортторду текшерүүгө жарандардын жабык аймакта жүргөнү себеп болгонун айткан. Ал эми жашоочулар аталган жер Кыргызстандын аймагы экенин айтышкан.

Ошондой эле видеого жарандар менен чек арачылардын жаңжалы түшүп калган. Жашоочулар чек арачылардын куралын тартып алууга аракет кылышкан.

Жергиликтүү тургундун айтымында, окуя кечээ, 12-майда болгон. Жергиликтүүлөр менен болгон жаңжалдан кийин чек арачылар өз аймагына кетишкен. Ал окуя болгон жерде Кыргызстандын чек арачылары болбогонун кошумчалады.

Кийинчерээк Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жашоочулар менен чек арачылардын ортосундагы жаңжалды тастыктады.

«12-майда Тажикстан Республикасынын УКМКнын чек ара бөлүмүнүн аскер кызматкерлери унаа менен Кыргызстандан аймагына (болжол менен 40-50 метр) киришкен. Тажикстандын чек ара нөөмөтү Баткен облусунун Лейлек районунун калк жашаган Сада пунктунда айрым жашоочулардын документин текшергени тургундардын нааразычылыгына себеп болгон. Кайым айтышуудан кийин кыргызстандык жарандар Тажикстандык чек арачыларынын унаасынын ачкычын тартып алган. Алардын ортосунда бир аз жаңжал чыккан», - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын чек ара нөөмөтү жана укук коргоо органдары барып, жаңжал чектөөгө алынган.

«Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жолугушуу өткөрдү. Анын жүрүшүндө Тажикстан тарап чек ара нөөмөтү жаш жоокерлерден түзүлүп, алар аймакты билбегендиктен жаңылыштык менен Кыргызстандын аймагына кирип кетишкенин билдирген. Тажикстан тарап Кыргызстан тараптан бул окуя үчүн кечирим сурады», - деп айтылат Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматында.

Учурда окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Ал эми Тажикстандын чек арачыларынын унаасы териштирүү иштери үчүн Лейлек районунун укук коргоо органдары тарабынан эвакуацияланды.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы аталган тилкедеги абалды көзөмөлдөп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3032
×