Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Боордоштор: Тажикстандагы кыргыз айылындагы мектепке китептер ташпырылды (видео)

Turmush -  Тажикстандын Исфара районунда кыргыздар көп жашаган Матпари айылындагы кыргыз тилдүү мектепке китептер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мектептин мугалими Жамийла Жакшыбаеванын айтымында, жолдошу Бегали Жакшыбаев экөө ушул мектепте физика, математика сабактарынан мугалим болуп иштешет. Экөө 2 уул, 2 кыздын ата-энеси.

Бул жактагы окуучулар кыргыз тилинде билим алып, аны менен кошо тажик тилинде да эркин сүйлөй алышат.

Матпари айылында учурда 4 миңге жакын эл жашайт. Алар тажик-кыргыз элинин маданиятын, үрп-адаттарын жакшы өздөштүрүп, ынтымакта жашап жатышат.

Исфара шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Саидзода Бобо Махмуддун айтымында, Исфара шаарында кыргыз-тажик тилдүү 3 мектеп бар. Бул мектептерде 600гө жакын окуучулар билим алууда.

Кыргыз мектептеринде кээ бир окуу куралдары жана китептер жетишсиз болгондуктан Баткен районунун акими Кеңеш Салихов менен Исфара районунун акими Саламзоода Сиожидинов Матпари айылындагы №20 орто мектебинен кабар алышып, кыргыз тилиндеги китептерди тапшырышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1987
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×