Бөлүмдөр
Шаршемби, 15-август
Баткен

Кадамжайдын Күлдү айылындагы канал оңдолуп, пайдаланууга берилди

Turmush -  Кечээ, 10-май күнү Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндөгү Күлдү айылында «Кайыңды» каналы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыганы Жолдошов билдирди.

Маалыматка караганда, 2 км 115 метрге созулган каналды оңдоого 167 тонна цемент, арматура берилип, Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы каналда иштеген жергиликтүү 80 адамдын эмгек акысына ун жана тамак-аш майын берген. 1963-жылы курулган канал жараксыз абалга келип, жергиликтүү эл сугат сууну пайдалана албай калган болчу.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1254
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×