Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-октябрь
Баткен облусуБаткен району 11.05.2018 10:31

Баткен районунун жетекчилиги Тажикстанга барып, чек ара, соода-сатык көйгөйлөрүн талкуулады (видео)

Turmush -  Кечээ, 10-майда Баткен районунун акими Кеңеш Салихов Тажикстандын Исфара районуна расмий иш сапар менен барды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Маалыматка караганда, Салихов Исфаранын акими Саломзоода Сиожидин менен жолугушту. Жолугушууга эки тараптын мекеме-ишканаларынын жетекчилери жана маданият кызматкерлери катышты. Кыргыз тарапты тажикстандыктар чек арада тосуп алышты. Андан соң Исфара шаарында тажик улутунун улуттук кийимдери, кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган жармаңке уюштурулду. Ошондой эле эки тарап тегерек столдо чек ара, суу, жер жана соода-сатык тармагындагы маселелерди талкуулады.

«Мындай маселелер бетме-бет отуруп чечилиши керек. Чечилбеген маселе жок. Өлкө башчыларыбыз айткандай биз кошуна жашап, ынтымакта, достукта жашашыбыз керек», - деди Саломзоода Сиожидин.

Андан кийин эки тараптын маданият кызматкерлери тарабынан концерттик программалар тартууланды.

Буга чейин дал ушундай иш-чара Баткен районунда өткөрүлгөн болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×