Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Улуу Жеңишке 73 жыл: Баткен шаарында Улуу Жеңиш майрамы салтанаттуу түрдө белгиленүүдө (видео)

Turmush -  Бүгүн, 9-май — Улуу Жеңиш майрамынын 73 жылдыгы Баткен шаарында да салтанаттуу түрдө белгиленүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалыматка караганда, анда ардагерлерге ысык чай берилип, согушта курман болгондордун урматына тургузулган эстелике гүл чамбарлар коюлуп, куран окулду. Андан соң эстеликтен борбордук стадионго чейин парад уюштурулду.

Борбордук стадиондо күч түзүмдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин катышуусунда парад болуп, майрамдык иш-чаранын салтанаттуу бөлүгү башталды. Салтанаттуу бөлүктү вице-премьер министри Жеңиш Разаков ачып, Баткен шаарынын мэри Мамыр Рахимов шаар элин майрамы менен куттуктады. Ошондой эле А.Жайнаков атындагы облустук музыкалык драма театры концерттик программа тартуулап, борбордук стадионго боз үйлөр тигилип, согуш ардагерлерине жоокер боткосу берилди.

Баткен облусунан Улуу Ата Мекендик согушка 20 миң 766 жоокер кетип, алардын ичинен 14 миң 200 адам кайтпай калган. 6500 адам кайтып келген. Бүгүнкү күндө облуста 24 ардагер бар.

Уулу Жеңиш майрамы Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагында да белгиленди. Майрамдык салтанат айыл өкмөттүн борборунда болуп, ага 95 жаштагы жалгыз ардагер Хатам Умаралиев жана тылда иштеген 6 ардагер катышты. Жалгыз согуш ардагерине Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Ахмаджан Абдурахманов 10 миң сом жана ооруктун 6 ардагерине 2 миң сомдон тапшырды.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө согушта каза болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл коюлуп, концерттик программа менен уланды. Үч-Коргон айыл аймагында 35 миңдей эл, 16 улуттун өкүлдөрү жашайт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1273
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×