Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-июль
Баткен

Улуу Жеңишке 73 жыл: Баткендеги ардагерлерге «Тойота Виндом» жана «Жигули» үлгүсүндөгү унааларды алып беришти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Баткен районунун Самаркандек айылында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата ардагер Мамат Ысмановго «Тойота Виндом» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Маалым болгондой, айылдагы жалгыз ардагерге унаа алууга Самаркандек айыл өкмөтү тарабынан 140 миң сом бөлүнүп, үстүнө уулдары акча кошкон. Унаа аксакалдын Жеңиш майрамына жана 100 жашка толушуна карата белек болду.

Айыл өкмөттө Жеңиш майрамына карата «Өлбөс полк» парады да уюштурулду. Анын алкагында Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысы Насыр Орозов жана Баткен районунун акими элди майрамы куттуктады. Согушта курман болгондорго арналып куран окутулуп, оорукта иштегендерге акчалай сыйлыктар, сый тамактар тартууланды.

Райондун Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү жалгыз ардагер Калбаев Дыкан атага «Жигули» үлгүсүндөгү унаа берилди.

Аким Кеңеш Салиховдун айтымында, унааны алууга айыл өкмөттүн эсебинен 150 миң сом каралган.

Райондук соцфонддун башчысы Акылбек Насыровдун билдиргенине караганда, соцфонддун атынан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына жалпы 40 миң сом акча бөлүнүп, Баткен районундагы 6 ардагерге жана Баткен шаарындагы 2 ардагерге 5 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Иш-чара облус жетекчилери, жергиликтүү тургундардын катышуусунда өтүп, айыл тургундарына концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле Баткен районунун Чек айылында «Өлбөс полк» парады уюштурулду.

Баткен райондук администрациясынын аппаратынын жетекчиси Сабыр Ысмаиловдун айтымында, катышуучулар ардагер аталардын портреттерин көтөрүп, көчөлөрдү аралап жөө басышты. Андан соң согушта курман болгондордун эстелигине гүлчамбарлар коюлуп, абага ок атылып, куран окулду. Чек айылындагы маданият үйүндө ардагерлерге арналган концерттик программа тартууланып, сый тамак берилди.

Ошондой эле Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Закир Байзаков Чек айылындагы 95 жаштагы ардагер Садилда Сейдакматовго акчалай сыйлык ыйгарды.

Улуу Ата Мекендик согушка Баткен районунан 3488 жоокер кеткен. Анын ичинен 2677 жоокер курман болуп, 821 жоокер элине кайтып келген.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2195
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×