Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-сентябрь
Баткен облусуКадамжай району 08.05.2018 13:08

Улуу Жеңишке 73 жыл: Кадамжайдагы жалгыз ардагерге «Жигули» унаасы тапшырылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 8-майда Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүндө Улуу Ата Мекендик согуштун 94 жаштагы ардагери Эшбаев Шамши атага «Жигули» үлгүсүндөгү унаа тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөттөн маалымдашты.

Маалыматка караганда, 2011-жылы чыгарылган унаа жергиликтүү бийлик жана жеке демөөрчүлөрдүн каржылоосу менен 160 миң сомго алынды. Шамши ата айыл өкмөттөгү жалгыз ардагер.

Унааны тапшыруу иш-чарасынын алкагында оорукта эмгектендерге сый тамак берилип, балуу белектер ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×