Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-март
Баткен облусу, Баткен 08.05.2018 09:40

Баткенде «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү (фото)

Turmush -  Кечээ, 7-майда Баткен шаарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү» сынагы өттү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн тескөөчүсү Чолпонбай Арстанбеков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарды алдын алуу максатында уюштурулду.

Жыйынтык:

- 1-орун — Айдаркен шаарынын О.Маканов атындагы орто мектептин «Светофор» командасы;

- 2-орун — Баткен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин командасы;

- 3-орун — Кызыл-Кыя шаарынын Т.Сатылганов атындагы орто мектептин командасы.

Орун алган командаларга баалуу белектер, кубоктор дипломдор берилди. 1-орунду ээлеген «Светофор» командасы Бишкек шаарында өтүүчү республикалык кароо-сынакка жолдомо алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
53.19% (750)
«РСК Банк»
27.94% (394)
«Капитал Банк»
6.6% (93)
...
Всего голосов: 1410
×